15:16
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Компания набыт болгон жумушчунун бүлөсүнө 20 жылдык акысын төлөп бериши керек

Компания набыт болгон жумушчунун бүлөсүнө 20 жылдык маянасын төлөп бериши керек. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Курулушчулардын кесиптик бирикмесинин төрагасы Токтогул Солтокеев билдирди.

Анын айтымында, курулуш компаниясы жумушчунун коопсуздугун камсыз кыла албагандыктан үй-бүлөсүнө акча төлөп берет.  

«Эгер эмгек келишими түзүлгөн болсо жакшы. Болбосо сот аркылуу төлөтүп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, былтыры «Бишкек курулуш» ишканасы бир жумушчунун үй-бүлөсүнө компенсациянын негизги бөлүгүн төлөп берди. Калганын ай сайын ата-энесине берип турат. Негизинен биздин уюмга кирген ишканалар дароо эле төлөп, милдеттерин аткарышат» - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн Тыналиев -20 дарегиндеги (Түштүк магистрал менен кесилишинде-ред.) көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатынан эки курулушчу кулап кеткен. Бирөө ордунда каза тапты. Экинчиси Бишкек шаарындыгы травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилди. Даарыгерлердин айтымында абалы оор. 

Эң көп окулган жаңылыктар