Бишкекте тогузунчу кабаттан кулаган курулушчунун абалы оор

16:17, 19 июля 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкекте тогузунчу кабаттан кулаган курулушчунун абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.

Эскерте кетсек, бүгүн Тыналиев -20 дарегиндеги (Түштүк магистрал менен кесилишинде-ред.) көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатынан эки курулушчу кулап кеткен. Бирөө ордунда каза тапты. Экинчиси Бишкек шаарындыгы травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилди. Даарыгерлердин айтымында абалы оор.