20:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мамлекеттик каттоо кызматы жыл башынан бери 242 миң 99 ички паспорт жасады

Мамлекеттик каттоо кызматы жыл башынан бери 242 миң 99 ички паспорт жасады. Анын 102 миңи электрондук паспорт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында мекеменин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы ушул мезгилде 178 миң 415 ID жасалган.

Дастан Догоев, быйыл 31 миң 527 паспорт тезарада, 200 миң 500 паспорт адаттагыдай мөөнөттө жасалып берилгенин маалымдады.

Жалпы жарандык паспорт жыл башынан бери 109 миң 836 жараанга берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума