Нарын облусунда дарыяга түшкөн машинанын ичинде калган 4 жашар бала изделүүдө

10:13, 19 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Нарын облусунда дарыяга түшкөн машинанын ичинде калган 4 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

«Хонда Степ» автомобилинин айдоочусу рулду башкара албай калып, Кутурук -Талаа айылындагы Чоң-Кажырт дарыясына түшүп кеткен. Ичинде төрт киши болгон. Үчөө өз алдында жээкке чыгышкан. Унаада төрт жашар бала калып калган. Аны издөө улантууда.