Ошто салык төлөөдөн качкан курулуш компаниясы аныкталды

08:55, 19 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Ош облусунда курулуш компаниясы 2,7 миллион сом салыкты төлөгөн эмес. Бул боюнча Экономикалык кылмыш менен күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлайт.

«Н-С» ишканасы 2014-жылдан бери курулуш-монтаждоо иштерин салык мыйзамдарын бузуп жүргүзгөн. Жалпы наркы 17 миллион сомдук жумуш бүтүргөнү менен ишкерлер отчетте сандарды азайтып, салыкты толук төлөгөн эмес. 2 миллион 738 миң сом салыкты жашырган.

Ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.