22:10
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Өзбекстанда беш миңден ашуун имамдын билим дэңгээли текшерилди

Өзбекстандын Мусулмандар дин иштери боюнча башкармалыгы беш миңден ашуун имам менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алардын билимдерин текшерди. Бул тууралуу centralasian.org кызматы маалымдайт.

Маалыматка караганда, диний билими төмөн имамдарга жана алардын орун басарларына азырынча эч кандай чара көрүлбөйт. Бирок, кийинчерек диянатчылар ордунан айрылышы мүмкүн. Сынакта жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө жаңы кызмат орундар сунушталат.

«Учурда өлкөдө ири илимий борборлор ачылууда. Мындан улам биз кайсы имамдарды бул борборлорго жөнөтүүгө болорун билгибиз келди», — деди Мусулмандар дин иштери боюнча башкармалыгынын өкүлү Абдуманнап Усманов.

Ферганалык имамдардын биринин айтымында, маектешүүгө катышкандардын көбүнүн билим дэңгээли төмөн, материалдык абалдары начар.

«Алардын айлык акысы 1–1.5 милион сумду (120–180 АКШ доллары) түзөт жана анын теңин эле салыкка төлөшөт. Көпчүлүгү маяна албай Аллах үчүн иштешет. Мечитке намазга жыгылуу үчүн гана барышат, китеп окушпайт», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар