00:06
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Текебаевдин соту. Сариев далил менен, Ибраимова так билдирүү менен келди

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда бүгүн убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Элмира Ибраимова жана Темир Сариев көрсөтмө беришти.

Темир Сариев сотко далил тапшырды. Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев 13-май күнү (2010-жыл -ред.) убактылуу өкмөттүн жыйынына катышып, түштүктөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2 миллион сом бөлүү тууралуу документке кол койгон.

Аны сот ишке тиркемей болду.

Элмира Ибраимова экономикалык тармакты Алмазбек Атамбаев өзү жетектеп, ишине эч кимди кийлигиштирбегенин айтты.

«13-майдагы жыйынга Алмазбек Атамбаев катышкан эмес. Модин көрсөткөн иш бөлмө Өмүрбек Текебаевдики эмес» — деди ал. 

Андан кийин УКМКнын мурдакы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев  13-май тууралуу суроолорго жооп берип, Өмүрбек Текебаевдин күбөлөрүнүн айтканын бышыктады. 

Буга чейин, Өмүрбек Текебаевдин сотунда убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн — мурдакы президент Роза Отунбаева, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов, Ысык-Көл облусунун мурдакы губернатору Эмил Каптагаев көрсөтмө берген. Андан сырткары, президенттин мурдакы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев, мурдакы Башкы прокурор Аида Салянова, 2010-жылы Өмүрбек Текебаевдин жардамчы болгон Жоомарт Сапарбаев сотто Леонид Маевскийдин сөзүн жокко чыгарышкан.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума