05:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эки баланы сүзүп кеткен айдоочу жол кырсыгынан качып барып, сыра ичкен

Эки баланы сүзүп кеткен айдоочу жол кырсыгы болгон жерден качып барып, сыра ичкен. Бул тууралуу ал өзү бүгүн Ленин райондук сотунда билдирди.

Мирлан Ажыбековдун айтымында, ал шашып бара жаткан жана эч ким кууган эмес.

«Мен досумдан акча алышым керек болчу. Ош базардан жолукмакпыз. Шашып бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан балдарды көрбөй калдым. Аларды сүзүп алгандан кийин дендароо болуп, машинаны токтобой айдап кете берипмин. Бир кезде карасам, «Кудайберген» базары тарапта турам. Досума чалып, анан өзүмө келиш үчүн пиво ичтим» — деди ал.

Сотто жол кырсыгынан эки күн мурда, 19-апрелде, Мирлан Ажыбеков туулган күнүн белгилеп, арак ичкенин ырастады.

Айыпталуучунун жактоочусу, Мирлан Ажыбеков жол кырсыгынан кийин 0,5 литр гана сыра ичкендигин, ага чейин соо болгондугун айтып, Наркологиялык борбордун даарыгерин чакырууну сунуштады.

Жабырлануучулардын жактоочусу Токтосун Шарабидинов ага каршы чыкты. «Ал даарыгер буга чейин дагы туура эмес көрсөтмөлөрдү берип келген. Күбө боло албайт» — деди ал.

Айрым маалыматтар боюнча, Мирлан Ажыбековду мас абалында рулга олтурбаган киши катары көрсөтүү аракети жүрүп жатат. Аны бүгүн эки баланын ата-энеси кечиргендигин жана айыптоодон баш тартканы жарыялагандан кийин сот жеңил чечим чыгарышы мүмкүн. 

Айтмакчы, соттун жүрүшүндө Мирлан Ажыбеков 2015-жылы бир адамды сүзүп кеткендиги аныкталды. Ал киши жол кырсыгы болгон жерде мерт кеткен. Анда дагы эки тарап элдешкендиктен Мирлан Ажыбеков жазаланган эмес. 

Сотто 21-апрель күнү Мирлан Ажыбеков жол кайгуул кызматынан качып бара жатып, балдарды сүзүп алгандыгы такталып жаткандыгы маалымдалды. Бул боюнча Жол кайгуул кызматынын башкармалыгында териштирүү жүрүп, иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилиптир.

Эскерте кетсек, 21-апрелде Бишкек шаарынын Бакаев жана Ремесленный көчөлөрүнүн кесилишинде жолдон өтүп бара жаткан 3-класстын эки окуучусун жеңил ууна сүзүп, качып кеткен. Айдоочу кечинде табылган. Адилет Сыранов жана Эрбол Мамажанов оор жаракат менен оорууканага жеткирилип бир нече күндөн кийин гана өзүнө келишкен. Эрбол Мамажанов дагы эле дарыланып жатат. Апасынын айтымында, көрүүчү начарлап бара жатат. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума