17:53
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Машина сүзүп кеткен балдардын ата-энелери айдоочуну айыптоодон баш тартты

Машина сүзүп кеткен балдардын ата-энелери айдоочуну айыптоодон баш тартты. Бул тууралуу алар бүгүн Ленин райондук сотунда билдиришти.

Адилет Сырынов жана Эрбол Мамажановдун апалары айдоочу Мирлан Ажыбековго мораодык жана материалдык доосу жоктугун билдиришти.

Жактоочу Токтосун Шарабидиновдун айтымында, Мирлан Ажыбеков балдардын ата-энелерине акча төлөп берди. Бирок, сот процесси улана берет. Эки тараптын жарашканы соттун чечимине жумшартуушу жагдай катары таасир бериши мүмкүн.

Эскерте кетсек, 21-апрелде Бакаев жана Ремесленный көчөлөрүнүн кесилишинде жолдон өтүп бара жаткан 3-класстын окуучуларын жеңил ууна сүзүп, качып кеткен. Айдоочу кечинде табылган. Балдар оор жаракат менен оорууканага жеткирилип бир нече күндөн кийин гана өзүнө келишкен.

Эрбол Мамажановдун апасынын айтымында, баласы дагы эле дарыланып жатат. Жакында гана өз алдынча кадам жасап калды. 

«Көрүүсү начарлап бара жатат. Эртең менен айланасы туман болуп, эч нерсе көрө албай жатканын айтат. Андан сырткары, түнү чочуп ойгонуп, жакшы уктай албайт. Катуу үн укса эле кыйкырып, чочуп турат» - деди апасы.

Эң көп окулган жаңылыктар