12:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өз баласын өлтүрүүгө шектелип жаткан эне психикалык экспертизадан өтө элек

Даарыгерлер бир жашар баласын өлтүрүүгө шектелип жаткан энени дагы эле психикалык экспертизадан өткөрө албай жатышат. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Чүй облучтук Ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Аял 7-июнда абакка камалган. «Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, психикалык экспертиза дайындалган. Бирок, шектүү даарыгерлер менен милицияны өзүнө жолотпой, баарлашуудан баш тартууда.

Тергөө иши азыр токтоп турат.

Эскерте кетсек, 28-майда Ысык-Ата районунун Красная Реска айылындагы үйдө бир жашар баланын өлүгү табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар