09:54, 18 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА
Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айылынын жеринде зыяндуу чегирткелер пайда болду. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.
Маалыматта, чегирткелер төрт кун мурда айылдын талааларын каптай баштагандыгы айтылат. Алар буудай жана арпа аянтын жок кыла башташкан.
Облустун Жаңы-Арык айыл аймагында , Жумгал айыл аймагында , Баш-Кууганды айыл аймагындагы , Байзак айыл аймагында айдоо жана жайыт аянттарын каптап кетүү коркунучу бар.
ӨКМдин билдирүүсүндө, Куйручук айыл аймагында айдоо жана жайыт аянттарына уу химикаттарды чачуу иш-чаралары жүргүзүлдү.