«Аалам» партиясынын төрагасы дагы президентикке ат салышат

08:59, 17 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

«Аалам» партиясынын төрагасы Арсланбек Малиев дагы президенттикке ат салышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКнын маалыматында, ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары документтерин тапшырган.

Арсланбек Малиев Жогорку Кеңештин экинчи жана үчүнчү чакырылышынын депутаты.

Анын «Аалам» партиясы 2007-жылдан бери жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорго катышып келет.

Арсланбек Малиев 2011-жылы дагы президенттикке ат салышууга аракеттенген.

БШКнын маалыматында, жалпысынан 29 жарандан талапкер катары катталуу үчүн арыз түштү. Анын беш саясый партиянын атынан көрсөтүлгөн.