18:46
+32
USD 68.85
EUR 79.21
RUB 1.17
Кыргызча

Өзбекстандан Ысык-Көлгө жаңы аба каттамдар ачылат

Кыргызстан менен Өзбекстан Ысык-Көлгө жаңы аба каттамдарды ачуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана жол министрлиги кабарлайт.

Жолугушууда Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө учуу жана Өзбекстанда кыргыз авиакомпаниясынын өкүлчүлүгүн каттоо маселеси дагы каралды.

«Ташкент — Ысык-Көл» алгачкы аба каттамы 4-июлда 190 жүргүнчүсү менен келип конгон.

Учуу убактысы — бир саат 20 мүнөт. Бул каттамдар жайкы туристтик сезон маалында — август айынын аягына чейин ар шейшембиде аткарылып турат.

Эң көп окулган жаңылыктар