Курманжан Датка комплекси Көчмөн цивилизациянынын борбору болуп өзгөртүлдү

11:03, 15 июля 2017, Бишкек - 24.kg

Курманжан Датка комплекси Көчмөн цивилизациянынын борбору болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Өкмөттүн маалыматында, комплекстин макамын көтөрүү максатында аталышы өзгөртүлдү. 

Токтом жарыялангандан кийин он күндөн кийин күчүнө кирет.