14:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түркия кыргыз өкмөтүнүн «Себатты» колго алгандыгына канааттанат

Түркия бийлиги кыргыз өкмөтүнүн «Себатты» колго алгандыгына канааттанат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Метин Кылыч билдирди.

Элчи кыргыз өкмөтү «Себат» (азыркы «Сапат» — ред.) эл аралык билим берүү мекемесинин ишмердигине жеке жоопкерчиликти мойнуна алганын белгилеп өттү.

«Бул мектептердин уюштуруучу курамына кыргыз өкмөтү да кошулду. Эми мектептин билим берүү жана тарбиялоо иштери өкмөттүн дыкат көзөмөлүндө деп ойлойбуз» — деди элчи.

Метин Кылыч Түркия «Себаттун» ордуна «Маариф» билим берүү фондун түзгөндүгүн кошумчалады.

«Биз «Себатты» жабуу өтүнүчү менен кайрылганыбызда көпчүлүк мамлекеттин өкмөттөрү бул мектепте окуган балдардын тагдыры ойлондуруп жаткандыгын айтышкан. Ошондо биз «Маариф» фондун түздүк. Ал башка өлкөлөрдө дагы жеке менчик мектептерди ачып, заманбап билим бере алат» — деди элчи.

Метин Кылычтын айтымында, Кыргызстан менен «Маарифтин» мектептерин ачуу боюнча сүйлөшүү жүрө элек. Түркия тарап сунуш гана киргизген.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 15-июлундагы окуялардан кийин Түркия өкмөтү Кыргызстанга «Себаттын» мектептерин жабуу сунушун жөнөткөн. Ага каршы жооп берилген. Кийин кыргыз бийлиги билим берүү мекемесинин атын өзгөртүп, кайра каттоодон өткөргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар