14:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чубак ажынын Феттуллах Гулен менен жолугушуусу Түркияны кабатыр кылды

Мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов менен диний аалым Феттуллах Гулендин жолугушуусу Түркияны тынчсыздандырды. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандыгы элчиси Метин Кылыч бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Метин Кылыч 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш жасоо аракетинен кийин Феттуллах Гулен менен бир да мамлекеттик жана коомдук ишмер жолукпагандыгын маалымдады.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалиловдун Феттуллах Гулен менен түшкөн сүрөтү жакында социалдык тармакта жарыяланган. Мурдакы муфтий Гулен менен АКШда жолуккандыгын ырастап, мындай-деңгээлдеги диний аалым меен баарлашкандыгына ыраазы экендигин айткан.

Элчинин айтымында, Түркия Гулендин уюмун токтотууга бүт күчүн жумшайт. Анын маалыматында, Феттуллах Гулендин кыймылы 150 өлкөдө иш алып барат. Метин Кылыч Кыргызстандагы Түркияда төңкөрүш жасоо аракетинен кийин эле 3,5 миңдей «Хизметчи» келгендигин да кошумчалады.

«Алар Түркия, Пакистан жана Африка мамлекеттеринен акыркы жыл ичинде келген Гулендин тарапташтары» — деди элчи.

Эскерте кетсек, 15-июль күнү Түркиянын аскерлери телеканал, коомдук жай жана мамлекеттик органдарды басып алууга аракеттенген. Анда 250 киши набыт болуп, 2 миң жаракат алган.

Эң көп окулган жаңылыктар