11:20, 14 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА
Түркия аскердик төңкөрүшкө каршылык көрсөтө алганына сыймыктанат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Кылыч Метин бүгүн маалымат жыйында билдирди. Жыйын Түркияда өткөн жылы 15-июлда болгон окуяларга байланыштуу өтүүдө.
Элчинин айтымында, 2016-жылдын 15-июлунда өлкөнүн тарыхында оор күндөрдүн бири болду. Аны Түркия -кандуу террордук акт катары баалайт.
Анда 250 адам каза таап, 2000 миң киши жаракат алган.
Эскерте кетсек, 15-июль күнү Түркиянын аскерлери телеканал, коомдук жай жана мамлекеттик органдарды басып алууга аракеттенген.