13:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош базардын «бешиктен бели чыга элек» сатуучулары

Ош базарынан ар кандай курактагы балдарды жолуктурууга болот. Таза, тыкан кийинген балдар мектеп партасынан соода текчелерине которулуп, эс алуу кезинде ата-энесине жардамдашып жүрүшөт.

«Алма, жүзүм! Эмне аласыз?» — деп тыпылдап сүйлөгөн балдар бир да кардарды куру кол бошоткусу келбейт. Мөмө-жемиштен сырткары, кийим жана тазалоочу каражаттарды саткан жайларда дагы жаш бала менен соодалашууга туура келет. 

Алар чанда гана жалгыз турушпаса, негизинен ата-энеси жанында. 

Кыргызстанда 1 миллион 160 миң бала мектепке барат. Бул жалпы мектеп курагындагы балдардын 64, 2 пайызын түзөт. 

Акыркы иликтөөлөр 2 миң 345 бала мектепке барбастыгын көрсөткөн. Алардын ичинен 1 миң 116 бала мектепке кайтарылган. 

Маалыматка караганда, жети жашка толгонуна карабай 128 бала ооруусуна байланыштуу, 120 бала  үй-бүлөлүк абалына, 258 бала социалдык жана үйдөгү кыйынчылыктардан улам окуудан баш тарткан.

2016-2017- окуу жылында 15 миң 682 жолу окуучулар мектепке келишкен эмес. Көбүнчө материалдык кыйынчылыктардан улам (9814) сабактан калышат. Андан сырткары, ооруп (2161), иштеп (2556), мугалим жана классташтары менен чатакташкандан кийин дагы балдар мектепке барбай коюушат. 

Макаланы толук бул жерден окуй аласыздар.

Эң көп окулган жаңылыктар