Кыргызстандан барган кымызды Россияга киргизишкен жок

14:30, 13 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Кыргызстандан барган кымызды Россияга киргизишкен жок. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Алардын айтымында, 120 литр суусундук жүргүнчүлөрдү салган автобустун жүк салчу жерине катылган. Аны «Петухово» өткөрүү пунктунда көрүп калышкан.

Маалыматта кымызды Сургутка алып бара жатышкандыгы айтылат. Эч кандай уруксат кагазы болбогондуктан, кайра Кыргызстанга жөнөтүшкөн.