16:25
-7
USD 69.75
EUR 82.48
RUB 1.19
Кыргызча

Өндүрүш Токтонасыров КТРКны калыстыкка чакырып пикет өткөрөт

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров КТРКнын алдында пикет өткөрөт. Бул тууралуу ал «24.kg» агентигине билдирди.

Ал кара жашик даярдап, аны коомдук теле-радио корпорациясынын алдында бузмакчы.

 «КТРКны элдин баары  Акүйдүн, башкы директордун «Кара жашиги» дейт эмеспи. Мен ошо жашикти бузуп, элге кызмат кылуусун талап кылам. Азыр өлкөдө саясый кырдаал курчуп турганына карабай жаңылыктардан жалаң эле расмий маалыматтар кетет. Мына Өмүрбек Текебаевдин сотун чагылдырса дагы бурмалап берип жатышат» - дейт укук коргоочу.

Эскерте кетсек, Өндүрүш Токтонасыров дайым жалгыз пикет өткөрөт.  

Эң көп окулган жаңылыктар