Ысык-Көлдө жол кырсыгынан дагы экөө набыт болду. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Жол кырсыгы Чоң-Сары-Ой айылында болгон. Төрт киши жабыркап, экөө көз жумган.
Маалыматта Чолпон-Ата шаардык оорууканасынын хирургия бөлүмүнө эки бала жеткирилгендиги кабарланат.
Алар он жана тогуз жаштагы балдар. Абалы орто оор экендиги айтылат.
Акыркы жумада эле Ысык-Көл облусунда бир нече жол кырсыгы катталды.