Араванда айыл өкмөтү өз каражатына 60 орундуу бала бакча курду

17:09, 11 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Араванда айыл өкмөтү өз каражатына 60 орундуу бала бакча курду. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.

Бала бакча 2015-жылы курулуп баштаган. Ага райондогу А. Анаров атындагы айыл өкмөтү өз бюджетинен 8 миллион 172 миң сом бөлгөн.

Маалыматка караганда, бакчанын ички жасалгасы демөөрчүлөрдүн каражатына бүтүрүлгөн. Учурда ойноо аянтчасын даярдоо жана эмеректер менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.