Кыргызстанда 368 бала кант диабети менен ооруйт

15:18, 11 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Кыргызстанда 368 бала кант диабети менен ооруйт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында айтылат.

Республика боюнча кант диабетинин биринчи түрүнө  чалдыккандардын саны 1 миң 930, экинчи түрү 54 миң 473 кишиде кездешет.

Акыркы бир жыл ичинде эле бейтаптардын саны 5 миң 419га көбөйгөн. 16,5 миң бейтап инсулин алып турат. 

Эскерте кетсек, министрлик кан диебети менен ооругандарды инсулин менен камсыз кылып турат. 2016-2017-жылы бул дарыны алуу үчүн 141 миллион сомго тендер өткөрүлдү.