Москвадагы соода борборундагы өрттө күйгөн эки кыргызстандыктын абалы оор

14:44, 11 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Москвадагы соода борборундагы өрттө күйгөн эки кыргызстандыктын абалы оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдайт.

Маалыматка караганда, А.Р.  жана Н.Т. аттуу кыргызстандыктар Склифосовский атындагы оорууканада жатат. Алардын экөөнүн тең абалы оор экендиги айтылат. 

Эскерте кетсек, 10-июль күнү Москвадагы «РИО» соода борборунда өрт чыккан.  Анда 18 адам жабыркаган.