USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Жыл башынан бери сууга чөккөн 67 кишинин 18и балдар

Жазгуль МАСАЛИЕВА
12:07, 11 июля 2017, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери 67 адам сууга чөгүп кетти. Анын 44 -эркек, 5 -аял жана 18и балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катаал кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси Азамат Мамбетов кабарлады. 

Анын айтымында, Чүй облусдагы көлмөлөр, суу сактагычтар -өтө кооптуу болуп эсептелет.  Бул аймакта алты ай ичинде  18 киши сууга түшүп каза тапкан. Жалал-Абадда 11, Ош облусунда 10 киши чөккөн. 

«Чүй облусундагы суулардын 60 пайызы сууга түшүүгө эмес, суугарууга багытталган. Бишкекке жакын көлмөлөрдөн Комсомол жана ГЭС-5 суу сактагычына гана түшсө болот», — деди ал.

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика