Балыкчы — Каракол жолундагы автокырсыктан 13 киши жабыркап, бирөө мерт кетти

10:23, 11 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Балыкчы - Каракол жолундагы автокырсыктан 13 киши жабыркап, бирөө мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматта кырсык жолдун 101-чакырымында болгондугу айтылат. 

«Мерседес-Бенц» жеңил унаасы менен минивэн сүзүшүп кеткен. 1958-жылы төрөлгөн аял набыт болду.