Беш ай ичинде 18 аял төрөттөн көз жумду

09:51, 11 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Кыргызстанда беш ай ичинде 18 аял төрөттөн көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.

Министрликтин маалыматында, 100 миң аялдын 30у төрөттөн каза табат. 2016-жылдын биринчи беш айында 24 аял набыт болгон.

Эне өлүмү боюнча Ош жана Жалал-Абад облустары алдыда. 

Иликтөөнүн жыйынтыгында каза болгондор аялдардын экөө Россиядан келген мигранттар экендиги аныкталган.