09:07, 11 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
Өз кыздарын бир нече жыл зордуктаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган атанын иши кайра каралат. Анын жактоочулары Кемин райондук сотунун 7-июнда чыгарган чечимине арызданып, жогорку инстанцияга кайрылышкан.
Кыздардын атасынан сырткары, чоң атасы дагы зордуктаганы чоң апасына белгилүү болчу. Чоң атасы 2013-жылы каза тапкан. Демек кыздар үч жылдан ашык убакыт зордукталган. Маалыматтарда кыздардын апасы башка бүлө куруп кеткени айтылган.