09:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өз кыздарын бир нече жыл зордуктаганы үчүн соттолгон атанын иши кайра каралат

Өз кыздарын бир нече жыл зордуктаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган атанын иши кайра каралат.  Анын жактоочулары Кемин райондук сотунун 7-июнда чыгарган чечимине арызданып, жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 30-декабрында Кемин райондук ички иштер бөлүмү 1978-жылы туулган жаранга өз кыздарын зордуктаган деп кылмыш ишин козгогон. ИИБнын билдирүүсүндө, окуя 2013–2016 жылдары болгон. Кыздарынын уулусу учурда 22, кичүүсү 18 жашта.

Кыздардын атасынан сырткары, чоң атасы дагы зордуктаганы чоң апасына белгилүү болчу.  Чоң атасы 2013-жылы каза тапкан. Демек кыздар үч жылдан ашык убакыт зордукталган. Маалыматтарда кыздардын апасы башка бүлө куруп кеткени айтылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума