Казакстанда чагылган тийип чабан менен бир жарым миң кой-мерт кетти

16:39, 10 июля 2017, Бишкек - 24.kg

Казакстанда чагылган тийип чабан менен бир жарым миң кой мерт кетти.  Бул тууралуу Sputnik Казахстан маалымдайт.

Жангелдин районундагы кырсык 7-июлда болгон. Чагылган түшкөн жерде өрт чыккан. 

Белгилей кетсек, 3-июль күнү эле Акмоло облусунда чагылган ат менен бара жаткан малчыга тийген. Ага чейин Жамбыл облусунда чагылгандан үч киши каза тапкан. Бир ай мурда ушул эле райондо дагы бир малчы аты жана койлору менен кошо чагылгандан набыт болгон.