Кара-Балта спирт заводу сатыкка коюлду

12:29, 10 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Кара-Балта спирт заводу сатыкка коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду маалымдайт.

Заводдун 1943-жылы курулган имараты, жер тилкеси, жабдуулары, эмеректери, кеңсе техникасы, 10 транспорту сатылат. Баштапка баа - 200 миллион сом. 

Аукцион 14-августка белгиленди.