Алты ай ичинде өрттөн 37 киши мерт кетти

11:22, 10 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Алты ай ичинде 1 миң 327 өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Министрликтин маалыматында, былтыркы жылга салыштырмалуу тилсиз жоонун саны 10,8 пайызга кыскарган. Өрттүн чыгымы -240 миллион сомду түзүп, 37 киши мерт кетип, 17 жаран күйгөн.

Куткаруучулар өрт кырсыгында 45 адамды жана 590 миллион сомдук буюм тайымдарды сактап калышкан.

ӨКМдин билдирүүсүндө, өрт көбүнчө Чүй облусунда(315) жана Бишкек шаарында (261) катталат. Жыл башынан бери Ош облусунда — 150, Жалал-Абадда -162, Ысык-Көлдө -155 өрт чыккан.