15:19, 07 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО
«Каркыра» көзөмөл өткөрүү бекетинде туристтердин көптүгүнөн тыгын жаралды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан «24.kg» агентигине билдиришти.
Маалыматка караганда, Казакстанда 6-7-8-июлда Астана күнүнүн майрамына эс алуу жарыяланып, анүстүнө күн ысып, көпчүлүк коңшулар Ысык-Көлгө кайра агылды. Казакстандын «Кеген» көзөмөл өткөрүү пункту мынча көп элди кабыл ала албагандыктан, Кыргызстан тарапта дагы тыгын жаралды.
Машинаны жана паспортту текшерүүгө 20 мүнөт кетип, көпчүлүк эс алуучулар 4-5 саат кезекте турушкан.
Чек ара кызматы азыр абал узун кезек жоктугун маалымдашты.