14:31, 07 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА
Полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө жогорку кызматтагы кишилердин катышы бар. Бул тууралуу «24.kg» агентигине анын атасы Курманбек Шоноев билдирди.
Курманбек Шоноев бүгүн маалымат жыйында президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнүн бетин ачып берүүнү өтүндү.
«Менин уулумду ал иликтеп жаткан кылмыштын бетин жабуу үчүн өлтүргөн. Ага криминал, укук коргоо органдары жана мансаптуу жетекчиликтин дагы катышы бар. Толкунбекти (Шоноев-ред.) кесиптештери сатып кетти. Ошондон улам, бул кылмыштин бети төрт жылдан бери ачылбайт» - дейт ал.
Курманбек Шоноев Кара-Суу райондук сотунун кечээ чыгарган өкүмүнө даттанып, жогорку инстанцияларга кайрылбастыгын, сот жана укук коргоо органдарына ишеними жоктугун айтты.
«Сот бул ишти 2 жыл карады. Эки жолу сотту чакырып алышты. Арада бир жолу УКМКга кайра териштирүүгө жөнөттү. Эми бир жаш кызды сотко төрага кылып, актап жатат. Ал жаш сот далилдерди, видеотасманы баарын жокко чыгарып, кылмышкерди эркиндикке бошотуу чечимин чыгарды. Баламды аткан киллер өзү Кадырбек Досоновду (Женго- ред.) ушу буйрук берген деп көрсөттү эле го. Досонов мага баламды өлтүргөн адамды таап берсе гана, мен анын актыгына ишенем» - дейт Курманбек Шоноев.