Алайда 59 жаштагы жаран мал кайтарып сууга агып кетти

10:36, 07 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

6-июль күнү Алай районунун Көк-Бел аймагында жайлоодо өзүнүн малдарын карап жүргөн 59 жаштагы тургуну ат менен бара жатып Көк-Суу дарыясына агып кетти. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

ӨКМдин маалыматында, 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 60 ыктыярчы издөөгө тартылган. Андан сырткары, Бишкектен 5 суучул жөнөтүлдү. Издөө иштери бүгүн улантылат.