Бишкекте жарым жылда 3 миң 427 жолбун ит атылды

09:11, 07 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Бишкекте 2017-жылдын алты айында 3 миң 427 жолбун ит атылды. Ага 930 миң сом сарпталды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине «Тазалык» ишканасынан маалымдашты.

2016-жылы мэрия жаныбарларды стерилдөө үчүн атайын долбоор иштеп чыгып, ага «Жашоого укуктуу» фонду 296 миң сом бөлгөн.

Муниципалдык ишкананын маалыматында, 63 ит стерилдөөдөн өткөн. Ага 104,9 миң сом чыгымдалган. Дагы 192 миң сом бөлүнүп, 22 жаныбар тазаланат.

«Тазалык» ишканасынын маалыматында, бир жолбун итти атууга 270 сом, ал эми тазалоого 1,5–2 миң сом сарпталат.