Гүлнара Журабаева: Айрымдар талапкерлигин көрсөткөнчө үгүттөөгө аракеттенет

17:05, 06 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

«Айрымдар талапкерлигин көрсөткөнчө үгүттөөгө аракеттенет» — деп Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева бүгүн шайлоону чагылдыруу боюнча тегерек стөлдө билдирди.

Анын айтымында, үгүт иштери башталганча үгүттөөгө тыюу салынган жобо талапкерлиги көрсөтүлө элек жарандарга тиешелүү эмес.

«Мисалы жакында президент премьер-министр жөнүндө жакшы пикирин билдирип, анын жакшы жетекчи экендигине басым жасады. Бул үгүттөө болду. Бирок, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги али көрсөтүлө элек. Андыктан мыйзам бузулуду деп айта албайбыз» — дейт Гүлнара Журабаева.

Анын пикиринде, шайлоо күнү жарыялангандан тарта, талапкерлерге шайлоо фонддун түзүп, үгүттөөгө жол ачыш керек.

«Ошондо гана биз баардык талапкерлерге бирдей шарт жана калыстыкты камсыз кыла алабыз. Болбосо, депутаттар өзүнүн ишмердигин кенен чагылдырып, премьер-министр ишинин жакшы жактарын көрсөтүп үгүт жүргүзөт» — дейт ал.

Гүлнара Журабаеванын айтымында, үгүттүн төрт түрү бар; добуш берүүгө, же бербөөгө чакырык, бир талапкерди колдоорун билдирүү, шайлоонун жыйынтыгын бир талапкерге карата божомолдоо, талапкердин жумушуна байланышпаган маалымат.

«Мисалы, эгер талапкер өзүнүн мыкты ата, же үй-бүлө башчысы экенин айтса, анда бул — агитация», — дейт БШКнын мүчөсү.