Феликс Кулов өзүнө мураскер даярдап жатат

12:19, 06 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Феликс Кулов өзүнө мураскер даярдап жатат. Бул тууралуу ал бүгүн «24.kg» агентигиндеги маалымат жыйында билдирди.

«Ар-Намыс» партиясынын лидери жогорку кызматта иштөө оор экендигин эстеп өттү.

«Жакшы кабар менен аз киши келет. Баары эле жардам сурап келишет. Баарына кантип жетишесиң» - деди ал.

Феликс Кулов партиянын жетекчилигин канча жана кимге өткөрүп берерин ачык айткан жок.