Баткенде агасынын үйүнө уурулукка кирген жаран эки жаш баланы муунтуп өлтүрдү

11:38, 06 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

 Баткенде ууру эки жаш баланы муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу «24.kg»маалыматты агентигине Ички иштер министрлигинен ырасташты.

1996-жылы туулган киши өзүнүн туугандарынын үйүнө уурулукка кирген. Аны  балдар таанып калышкан. Ал 11 жана 9 жаштагы балдарды муунтуп өлтүргөн.

«Кылмышынын бети ачылып калбасын деп ууру балдарды муунтуп өлтүргөн. Буга чейин дагы ал ушул эле үйгө уурулукка кирип, кожоюндар өздөрү кармап, милицияга арыз жазышкан эмес», — дешти мекемеден.

Кармалган жаран менен үйдүн кожоюну бир туугандар. Ал азыр камоого алынып, кылмыш иши козголду.