Парламенттин мурдакы спикери Мукар Чолпонбаев президенттикке ат салышат

10:20, 06 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Парламенттин мурдакы спикери Мукар Чолпонбаев президенттикке ат салышат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 

Мукар Чолпонбаев шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышмакчы. 

Ал 67 жашта, алты баланын атасы жана жактоочу болуп иштейт.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКга 15 жаран президентикке ат салышуу үчүн документтерин тапшырган.