17:25, 05 июля 2017, Бишкек - 24.kg
Баткенде сел 17 үйдүн чарбагын жууп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында 2017-жылдын 4-июлунда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Коргон жана Ак-Терек айылдарында тоолордон сел түшкөн.
Сел 17 үйдүн короосун, 2 сарайга кирип, ички чарбалык арыктар, 1,7 чакырым ички чарбалык жолду бузган.