11:46
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

Казакстандын калкы 18 миллионго жетти

Казакстандын Улуттук экономика министрлиги өлкөдө калктын саны 18 миллион кишиге жеткенин кабарлады. Маалыматтарга караганда, 18 миллионунчу наристе 11-майда Алма-Ата облусунун Талдыкорган шаарында жарык дүйнөгө келген.

Ага Муслима деген ысым ыйгарылган. Наристе -дефектолог Диана Омарханова менен мугалим Самат Бестыбавдин үй-бүлөсүндөгү экинчи кыз.

Казакстанда акыркы эл каттоо 2009-жылы жүргөн. Анын жыйынтыгы боюнча калктын саны 16 миллиондон бираз ашкан.

Кыргызстандын калкы 6 миллион. 

Эң көп окулган жаңылыктар