Өзбекстан 12 жылдан бери биринчи жолу Россиянын аскерлери менен машыгуу өткөрөт

16:05, 05 июля 2017, Бишкек - 24.kg

Октябрда Өзбекстан менен Орусиянын куралдуу күчтөрү Фориш полигонунда аскердик магышууларды өткөрүшөт.
Борбордук аскердик округдун командачысынын жардамчысы, полковник Ярослав Рощупкиндин билдиришинче, бул иш-чара 2005-жылдан берки эки өлкө ортосундагы алгачкы биргелешкен тактикалык машыгуу болот.

Фориш полигону Ташкенттен 250 чакырым алыстыктагы Нурутау тоо кыркаларынын түндүк тарабында жайгашкан. Рощупкин тараптар биргелешкен машыгууларды өткөрүү боюнча макулдашууга Ташкентте өткөн эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин делегацияларынын жумушчу жолугушуусу маалында жетишилгенин белгиледи.