Валентина Матвиенко: Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин өнүгүү жолуна түштү

17:21, 04 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА

«Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу эң туура кадам болгондугу далилденип жатат» — деп Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко билдирди.

Ал Ысык-Көлдө өтүп жаткан «Шериктештиктин балдары» эл аралык форумуна катышууда.

Валентина Матвиенко Кыргызстандын ЕАЭБке кошулганына эки жылда болбой жатып жыйынтыгы көрүнүп жатканын маалымдады.

«Инфляциянын-деңгээли нөлдөн ашпаган шартта ички дүң өндүрүм 3,7 пайызга өсүптүр. Кыргызстан бүгүн жакшы экономикалык өсүүлөрдү көрсөтүп жатат. Бул албетте өлкө жетекчилердин жана жумушчулардын эмгеги» — деди ал.