17:21, 04 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА
«Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу эң туура кадам болгондугу далилденип жатат» — деп Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко билдирди.
Ал Ысык-Көлдө өтүп жаткан «Шериктештиктин балдары» эл аралык форумуна катышууда.
Валентина Матвиенко Кыргызстандын ЕАЭБке кошулганына эки жылда болбой жатып жыйынтыгы көрүнүп жатканын маалымдады.
«Инфляциянын-деңгээли нөлдөн ашпаган шартта ички дүң өндүрүм 3,7 пайызга өсүптүр. Кыргызстан бүгүн жакшы экономикалык өсүүлөрдү көрсөтүп жатат. Бул албетте өлкө жетекчилердин жана жумушчулардын эмгеги» — деди ал.