Улан Жумаков: Калыбек Элтубасовго каршы козголгон иш — саясый буйрутма

12:46, 04 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Калыбек Элтубасовго каршы козголгон иш - саясый буйрутма. Бул тууралуу маалымат жыйында анын жактоочусу Улан Жумаков билдирди.

Анын айтымында, Калыбек Элтубасов эч качан тергөөдөн качкан жана Кыргызстандан чыгып кеткен эмес. Ал Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу иште 400 күбөнүн катарында суралып, тергөөчүлөрдүн баардык суроолоруна жооп берген.

«Аны видеотасманы өчүрүлүп салган деген маалымат дагы калп. Бул жаңы эле пайда боло калды» - дейт ал.

 Улан Жумаков студент кыздын өлүмүнө байланыштуу иш бурмаланып, көрсөтмөлөр өзгөртүлүп, калп далилдер келтирип жаткандыгын айтты.

«Кызды акыркы күнү көргөн айдоочулардын тизмеси, жада калса өлгөн күнүн -баарын өзгөртүп жатышат. Башында эле Калыбек Элтубасовдон кийин кызды башка адамдар дагы тирүү көргөндүгү аныкталган» - деди ал. 

Эскерте кетсек, Камила Дүйшөбаева 2014-жылыдн 10-мартында жоголгон.  Бир жумадан кийин ал Байтик айылындагы мүрзөдөн табылган. Кыздын муунтулуп өлтүрүлгөнү такталган.