Ажылыкка жөнөгөн зыяратчыларга сабак өткөрүлөт

11:52, 04 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Ажылыкка жөнөгөн зыяратчыларга сабак өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.

Алардын айтымында, сабактар  жумасына үч ирет өткөрүлөт. Анда Сауд Арабиянын жана Кыргызстандын мыйзамдары, ажылыктын милдеттери менен шарттары түшүндүрүлөт.

Аталган иш-чаранын уюштуруучусу Джусупбеков Муктарбектин айтымында, сабактар  ажылыктын амалдарын толугуурак аткарууга жардам болот.

Ажылыкка быйыл 4585 киши барат. Алар учурда эмдөөдөн өтүүдө.