11:05, 04 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА
Ай башынан бери өлкөдө төрт адам сууга чөктү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
1-июль күнү Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынан Сары-Жон айылына кеткен жолдун боюндагы Чоң Чүй каналына 2002-жылы туулган өспүрүм бала түшүп кеткен. Сөөгү дагы эле табыла элек.
Дагы бир кырсык Аламүдүн районунда 2-июлда катталган. Ленин айылындагы көлмөгө 40–45 жаштагы эркек киши түшүп кетип, көз жумган.
ӨКМдин куткаруучулары 2-июль күнү Москва районунун Беш-Өрүк айылындагы Мусаковский көлмөсүнө чөгүп кеткен 1985-жылы туулган А.М. аттуу жарандын сөөгүн да алып чыгып беришкен.
Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ынтымак айылында Шамалды-Сай каналына 8 жашар бала агып кеткен. Денеси табыла элек.