10:47, 04 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА
Кыргызстанда үй-бүлөлүк медиаторлор пайда болот. Бул тууралуу «Сезим» кризистик борбору маалымдайт.
Маалыматка караганда, үй-бүлөлүк медиаторлор ажырашуунун алдын алып, чатакташкан жубайларды жараштыруу аракетин көрүшөт.
Мындан ары, үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөрдү медиаторлордун жардамы менен чечүүгө болот.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш «Медиаторлор» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Медиаторлор Кыргызстанда буга чейин этникалык кагылыш жана башка оор конфликттерде иш алып барган.