Ош шаарында жоголгон кыз табылды

14:06, 03 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Ош шаарында жоголгон Камила Нургазиева табылды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын пресс-катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Камила шаардын башка районундагы туугандарыныкында болгон. 

«Оштогу базардан туугандарын көрүп калып ошолордукуна кетип калыптыр. Камила изделип жатканын

алар билишпептир» - деди ал. 

Эскерте кетсек, 2007-жылы төрөлгөн Камила Нургазиева 1-июль күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.  Милиция аны эки күн издеген.